Республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 19-августка чейин бардыгы болуп 85 билим берүү объектиси 397 миллион 231,8 миң сом суммасында каржыланды. Каржы министрлигинен кабарлашкандай, алардын ичинен 60 мектеп 288 миллион 264 миң сомго, 7 бала бакча 26 миллион 500 миң сомго, 18 мектептин спортзалдары 82 миллион 467,8 миң сомго каржыланды. Ал эми 2016-жылга "Жер-Үй" кенинин эсебинен 2016-жылдын 19-августуна карата 104 мектеп жана 2 бала бакча үчүн 1 миллиард 466 миллион 898,1 миң сом бөлүндү.