Базар-Коргон районунда электр чубалгылары оңдолуп, кышка карата даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына "Жалал-Абад электр тармактары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Күз-кыш айларына карата район-шаарларда кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Базар-Коргон районунда "Электр тармактары" ишканасы кошумча 4 жаңы трансформатор орнотту. Аталган райондо жыл башынан бери Базар-Коргон, Абдраимов, Көкчөкөз, Арстанбап айылдарына кошумча жаңы 4 трансформатор орнотулду. Жалпысынан 8 трансформатор ишке берилип, айыл эли толук кандуу электр жарыгы менен камсыздалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, айылдагы 2 трансформаторго кошумча кубаттуулуктагы дүмүрчөктөр орнотулган. Мындан сырткары 3 чакырым аба чубалгысы оңдолгон. Оңдолгон чубалгыдан 100дөн ашуун кожолук пайдаланат. Учурда аба чубалгыларына тоскоолдук жаратып жаткан бак-дарактарды бутоо жумуштары улантылууда.
Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кыш айларына карата даярдык сентябрь айынын соңунда жыйынтыкталмакчы.