Чек ара кызматы: Үңкүр-Тоодогу абал өзгөрүүсүз калууда

Үңкүр-Тоодогу абал өзгөрүүсүз жагдайда турганын 25-августта SUPER.KG.'ге Чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Маалымат бөлүмүнүн өкүлүнүн айтканына таянсак, чек ара режими күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүп жатат. "Телемунаранын Өзбекстанда кармалып турган 4 кызматкерин бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөр облустук деңгээлде улантылып жатат. Азырынча эч кандай натыйжа боло элек", - деп жооп айтты мекеме өкүлү.

Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстандын 7 милиция кызматкери тик учак менен Үңкүр-Тоого келип, 13-августта кармалган ИИМ кызматкерин бошотуу талабын коюп, кыргыз чек арачылары менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле жолугушууда Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынан Кыргыз мамлекетинин милиция постун алып салууну талап кылышкан. Алардын талабына ылайык, Өзбекстандын ИИМ кызматкери бошотулган. Бирок Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген 4 кызматкерди кармап кетип, камап коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
rios.07
2016-08-25 12:05:24
болду 24 саат убакыт бергиле! болбосо куч иштетебиз деп каттуурак тийгиле, энесине эркелеп жатабы алар! колунардан келбесе мага аскердик наам берип озумо койуп бергиле 24саатта толук 100%озгортом
+4
KGstan1981
2016-08-25 12:19:26
эээй Атамбаевтин атка минерлери бир неме кылбасанар жакынкы арада теле мунара иштебей калышы коркунучу бар экен.Анда Ала-Бука,Чаткал р-ндорунда КТРК толугу м-н корсотпой ж-а уюлдук мобильдик связьдаран токтоп иштебей калышы мункун.Супер Инфодо Атамбаевтин жактоочулары коментаторлору бар эде эмне силерден бир тамга жазылбайт же клавищанардын батарейкасы олтуруп калдыбы.
+7
KGstan1981
2016-08-25 12:25:28
Жердештер биздин 4 жарандарды кармап кеткен аларга чек араны буздун деген айып м-н Озбекстан биздин карамалган жарандарыбызды 10 жылга камап коюшу коркунучу бар экен.Жанар иним укам унун чыкпайткоо,Мискенбаев кана сен корунбойсунгоо Атамбаев болду ырын ырдап бутсон эми мамлекетти ойлон.
+7
travma
2016-08-25 12:28:22
Саммитке барбай коём деп коркутту эле мурункусун да, эми эмне Дейт экен Урматтуу президентибиз
+4
Beksultan-007
2016-08-25 12:36:02
Уят эле 7 аскери келсе коркун бошотуп Эми тортоону Манас атанар келип чыгарабы оозунарды ачып бири бирине шылтагандан башканы билишпейт бизлин ХХХ. Бетинерге тукуруп кетет жакында [moderated]дер.ункур тоо менен конституция оокону революцияга жетелеп жатат. Озбектер ачык согуш жарыялап жатат. 6 жылда биздин чондор тоюп кетишти Эми баары Бир аларга
+3
admin_portal
2016-08-25 16:05:42
Beksultan-007, этика нормаларын сактаңыз!
-3
Shapak1979
2016-08-25 16:10:30
Биздин ХХХ минерлер менен ХХХ соз жок экен. Кайсы бетинер менен ХХХ отурасынар. Ункур тоо жонундо балыктай болуп ун катпайсынар го.
+3
admin_portal
2016-08-25 16:42:01
Shapak1979, этика нормаларын сактаңыз!
-2
admin_portal
2016-08-25 16:19:38
koshterek, провокацияга жол жок! Эскертүү!
-2
avaz-t02
2016-08-25 17:14:17
Оз уйундон кармап кетсе башка олконун органдары... Эмне деген олко болду биздин олко жарытаарлык бир чара коро албаса!!!
+3
semo
2016-08-25 19:27:14
Ошол төрт адамдын ордуна төрт министирди төрт депутатты чек ара кызматынын башкы штабынын жетекчисин алып кетпептир да кыргызстан өзүбүздүн жарандарды коргой албагандан кийин билбейм кандай жашоо болот
+1
Azizbek.kg8
2016-08-25 19:43:05
Жаман кутуруштуда ушул ала топучандар Э Кыргыз бийлиги нормально Чара коргулочу .силерге Эл ишенип шайлаган эртерек ХХХ которгуло.
+1
admin_portal
2016-08-26 12:39:57
Azizbek.kg8, этика нормаларын сактаңыз!
0
Shek
2016-08-25 20:12:26
Маалымат билдире бербей тоспойсунабы буйрук бере албайт биздин бийлик ага не босо ошо босун деп тообокел кылыш керек башка айла жок...озбектер булар эч нерсе кыла алышпайт деп коркутуп эле кирип келип алып коео береби.бир экоону аткыла кичине чочушсун..
+1
malikovich
2016-08-25 20:34:15
kyrgyzstandyn chekarasyn buzup kirip anysy jetpegensip 4 kyrgyz jaranyn karmap ketse,atkaminerler oozunardy achyp ozbek tarap emne talap koyot boldu eken dep kutup oturabergile..Eger kyrgyz biyligi kuchtuu bolgondo kerektuu charalardy koldonup talabyn da koyup koymok...konstitutsiyany ozgortkondun orduna chek arany bir top kuchoitup jany reformalardy jurguzso bolmok...
0
malikovich
2016-08-25 20:37:32
kanyndy kaynatkan.jeri 7 militsiya kyzmatkeri ele kyrgyzstan uchun bir top koygoy jaratyp atsa ,kuday saktasyn erten kyrgyzdyn tagdyryn chechip koybooyt ech ele kepildik bere albaybyzgo.....
0
zhumagul89
2016-08-25 21:36:13
Ээээй кыйкырбай суйлошкуло атамбаев ыр жазып жатат Ункур- Тоо жонундо.
0
disko
2016-08-25 21:42:08
урматуулар бул тоонун башы биздин теле вышка турган жер картада озубокторго карап турат ко ошол жерден кармап кеткенго тактап бергилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан