23-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 439-чакырымында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып бийиктен кулап түшүп, күйүп кеткен. Унаанын ичинде эки эркек киши жана бир аял күйүп кетип каза болсо, дагы бир аял ооруканага жеткирилген соң көз жумган. SUPER.KG'ге өзүн каза болгон жарандардын жакынымын деп тааныштырган Мадина аттуу жаран алардын өздүгүн тактап берди. Анын билдиришинче, эки эркек киши бир тууган, ал эми эки аял алардын келинчектери болушкан.
"Араван районундагы Араван айылынан болушат. Махмуджан жана анын келинчеги Махарамхон, Алижон жана анын келинчеги Соадатхан болуп Ысык-Көлдөн эс алып келе жатышкан. Айла жок эми, жол кырсыгынан каза болуп калышты. Кечээ баарын бир үйдөн чыгарып, жерге бердик. Бир үй-бүлөнүн артында 2, экинчисинин 3 баласы калды. Каза болгон адамдар 50 жана 55 жаш курактарында болушкан", - деди алардын жакыны Мадина айым.