Бишкекте Билим берүү башкармалыгынын конференциясы өтүүдө

Бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин конференциясы өтүүдө. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында орун алган бул иш-чарага Бишкек шаарынын мэри, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы катышып жатат.
Конференцияга Бишкек шаарынын билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер катышып, окуу жайлар өзүнүн жетишкендиги тууралуу мэрге маалымдашты. Мэр өз сөзүндө мугалимдерге “глобалдык дүйнөдө өз ордун таба алган окуучуларды тарбиялагыла” деп, үй-бүлөлүк бакыт жана ден соолук каалады.
"Билим берүүнү жеткиликтүү жана сапаттуу кылуу зарыл. Дүйнө бат өзгөрүүдө, маалымат бат эскирип жатат. Эмнени окутууну билбесеңиз, керектүү нерсени окутуңуз", - деп кайрылды мугалимдерге Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан