Үстүбүздөгү жылдын 23-августунда Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчиси Ибрагим Жунусов жана элчиликтин кеңешчиси Медер Абакиров Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылындагы этникалык кыргыздарга барышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта кабарлады.
Сапардын негизги максаты ушул жылдын 10-июлундагы Ван аймагындагы Эржиште террордук акттан каза болгон жергиликтүү күч органдарында иштеген этникалык кыргыз Туранбег Гүрожактын үй-бүлөсүнө, ошондой эле коргоо отрядында кызмат кылып, теракттын жүрүшүндө жаракат алган 6 этникалык кыргызга жолугуу болгон.
Жолугушуу маалында Ибрагим Жунусов этникалык кыргыздарга маркумдун жана жаракат алган кыргыздарга президенттик фонддон жалпысынан 742 миң сом бөлүнгөнүн билдирип, акчалай жардамды өз даректерине жеткиргени маалым болду.
Андан тышкары элчи айылдын жашоочулары менен алардын көйгөйлөрү тууралуу баарлашып, Туранбег Гүрожак кызмат кылган аскер бөлүгүнө барып, командири жана бирге иштешкендер менен жолугушту.