Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында катталган жол кырсыгынын саны өстү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Балдар катышкан кырсыктардын саны өткөн жылга салыштырмалуу көп болгондуктан, быйыл атайын иш-чараларды, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөттүк. Айдоочуларга, жөө жүрүүчүлөргө жана тургундарга түшүндүрүп, профилактикалык иштерди байма-бай уюштуруп жатабыз", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Бишкек шаардык патрулдук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2015-жылдын 7 ай аралыгында өспүрүм балдар катышкан кырсыктардын саны 276 болсо, 2016-жылы 286 кырсык катталган. Анын ичинен 2015-жылы 5 бала каза болсо, 2016-жылы каза болгондордун саны 9га жеткен. Ал эми жаракат алгандар 2015-жылы 319, 2016-жылы 329 адамга жеткен.