"Баламдын абалы баштагыга караганда жакшы, учурда ооруканадабыз". Бул тууралуу бүгүн, 25-августта атасы тарабынан сабалды делген төрт айлык ымыркайдын апасы Зина Еркеева билдирди.
Анын айтымында, окуя мындан он күн мурун болгон. “Окуя болгон күнү сыртта болчумун. Үйгө кирсем, балам эс-учу жок жатыптыр. Анан эле анын дене табы көтөрүлүп, калтырай баштады. “Тез жардам” чакыртып, уулумду ооруканага алып келдим. Ошол учурда күйөөм бала менен үйдө болчу. Эмне болгонун сурасам, эч нерсе айтпай койгон. Кийин милицияга “катуу ыйлаганынан сабагам” деп көрсөтмө бериптир. Учурда уулум экөөбүз №3-шаардык балдар ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө жатабыз. Баламдын абалы баштагыга караганда жакшы”, - деди Зина Еркеева.
Ошондой эле ал: “Биз экөөбүз тең 19 жаштабыз. Балдар үйүндө чоңойгонбуз, туугандарыбыз деле жок. Эки жылдан бери батирде турчубуз. Жогорудагы окуянын айынан күйөөм учурда СИЗОдо камакта”, - деп кошумчалады.