II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 мамлекеттин миңге жакын спортчулары катышууну пландап жатышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы бүгүн, 25-августта билдирди.
"Оюндарга катыша тургандыгын расмий тастыктаган мамлекеттер: Азербайжан, Аргентина, Армения, Бангладеш, Беларусь, Бенин, Ботсвана, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Грузия, Замбия, Зимбабве, Израиль, Индия, Индонезия, Иран, Исландия, Италия, Казакстан, Канада, Кытай, Колумбия, Конго, Латвия, Литва, Мадагаскар, Молдова, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Польша, Орусия (Башкортостан, Карачай-Черкесия, Краснояр крайы, Свердлов облусу, Татарстан, Хакасия, Челябинск облусу), Свазиленд, Сербия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Уругвай, Филиппин, Финляндия, Чехия, Швейцария, Шри-Ланка, Эстония, Түштүк Корея, Түштүк Африка Республикасы жана Япония", - деп айтылат маалыматта.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Мелдештердин программасы спорттун 23 түрүнөн турат. Анын катарында ат чабыш, ат жарыш, күрөш, улуттук оюндар, салттуу жаа атуу, салбуурун, интеллектуалдык оюндар бар.