Польшанын Колобжег шаарынын таштанды тазалагычтары таштандыда жаткан эски чаң соргучтун ичинен жарым миллионго жакын евро таап алышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта таштанды тазалап иштеген жумушчулар акчаны таап алган маалда өздөрүн чыныгы миллионер сезип калышканы айтылат. Акчанын жалпы суммасы болжолдуу түрдө жарым миллион еврого барабар болгон. Бирок алар табылга тууралуу полицияга билдиришкенде, укук коргоо органдарынын кызматкерлери акчаны алардан алып коюшкан.
Жарым миллион евронун ээси болуп аталган шаарда жашаган аял табылган. Ал акчаны кайсы жакка катканын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берген соң полиция акчасын кайтарып берген.