Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Чынара Адамкулова тарабынан мыйзамсыз иштер жасалып жатканын окуу жайдын окутуучуларынан турган демилгечи топ 23-августта билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева менен болгон жолугушууда айтып берген.
Эльвира Сариева аталган иш боюнча өкмөт башчыга кабар жеткенин жана министрлик бул тууралуу керектүү ишти жасап жатканын айтты. Ошону менен бирге Адамкулова чакырылганын, ал келгенде маселе толугу менен караларын билдирген. Бирок айрым маалымат булактарына чыккан маалыматтарга иренжиген демилгечи топ кайрадан билим берүү жана илим министрине жолугуу үчүн бүгүн, 25-августта барышканда, "маалымат туура эмес берилип, азыркы учурда маалыматты төгүндөө иштери жүрүп жатат" деген жооп алышкан.
Билим берүү жана илим министрлигинде жүргөн демилгечи топ биринчи айым Раиса Атамбаевага жолугуп, ректор Чынара Адамкулова тарабынан мыйзамсыз иштер жасалып жатканын маалымдашып, бардык документтерди биринчи айымга көргөзүшкөнүн SUPER.KG порталына билдиришти.