Эки тараптуу Бишкек-"Манас" Эл аралык аэропортунун 23,7 чакырым жолунун курулушу көрсөтүлгөн мөөнөттө аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жолдун курулушу менен таанышкан учурда белгилүү болгонун билдирди. Маалыматта айтылгандай, жол убагында ишке киргени турат.
Жол курган компания 3 күн ичинде жол белгилерин коюп, аймакты таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзөт. Абылгазиев өкмөт жолдун сапатын толук көзөмөлгө аларын айтып, андагы айрым кемчиликтер кеткен жерлерин долбоорду ишке ашырган компаниянын жоопкерчилигине тапшырды.
Абылгазиев белгилегендей, жолдун курулушунда жол жээгиндеги айыл тургундарынын коопсуздугу толук эске алынуусу шарт. Жол боюндагы айыл тургундарын ашыкча тоскоолдуктардан коргоо үчүн унаа жолунун 25-27-чакырымына чейинки аралыкта декоративдик темирден жана атайын плиталардан жасалган коргоочу тосмолор орнотулган. Коргоочу тосмолор элдин коопсуздугунан сырткары жолго эстетикалык көрк да берип турат.