Кербен шаарында 27-август күнү Үңкүр-Тоо маселесин чечүү боюнча митинг өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты, активист Жанарбек Надырбеков билдирди.
Жанарбек Надырбековдун маалыматына ылайык, Үңкүр-Тоо маселесин чечүү боюнча митингге коомдук ишмер Азимбек Бекназаров, Аликбек Жекшенкулов келери күтүлүүдө.
"Жергиликтүү эл стратегиялык мааниси терең Үңкүр-Тоону коргоо жана бийлик өкүлдөрүнөн талап кылуу аракеттерине барып жатат. Антпесе бир канча убакыттан бери маселе чечилбей, Өзбекстан эки ирет күч органдарын Үңкүр-Тоого жайгаштырды. Ошондуктан Үңкүр-Тоого тиешелүү бийлик органдарын чакырып жатабыз", - деп билдирди Надырбеков.
Маалым болгондой, митинг 27-августта саат 10:00дө Аксы райондук мамлекеттик администрациясында өткөрүлөт.