Кечээ, 25-августта Патрулдук милициянын 3 кызматкери катуу аккан суу каналында чөгүп бараткан жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта билдирди.
"Болжол менен саат 18:00дөрдө 102 кызматына катуу аккан суу каналында эркек киши чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты кабыл алган Патрулдук милициянын кызматкерлери Чолпон-Ата жана Горький көчөлөрүнүн кесилишине барышкан. Күбөлөрдүн айтымында, колун сууга чайкагысы келген азиат улутундагы жаран каналга түшүп кеткен. Суунун агымынын ылдамдыгы жогору болгондуктан, ал чыга албай калган. Патрулдук милиция кызматкерлери каналды бойлой жүрүшүп, Жибек-Жолу жана Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен бири-бирин кармап, чөгүп бараткан жаранды суудан алып чыгышкан", - деп айтылат маалыматта.
Куткарылган жаранды жасалма дем алдыруу менен эсине келтиришип, жакынкы ооруканага алып барышканы маалым болду.
"Куткарылган 1989-жылкы Акылбек Темиров кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, ооруканага жатуудан баш тартып, үйүнө кетти", - деп кошумчалашкан басма сөз кызматы.