Жалал-Абад шаарында жыл ичинде жогорку чыңалуудагы 28 көмөкчү чордон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Жыпариза Үмөталиева билдирди.
"Шаарда калкты электр энергиясы менен камсыздоодо күч келип иштеп жаткан 17 көмөкчү чордон жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлорго алмаштырылды. Ишкана ушул күнгө чейин 2241,8 чакырым аба чубалгысын оңдоону мерчемдеген. Мерчемделген жумуш толугу менен аткарылып, жумуштун көлөмү 118 пайызга бүткөрүлдү. Тактап айтканда, 2334,4 чакырым аба чубалгысы оңдолду", - деп билдирди Үмөталиева.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында электр тармагы боюнча күз-кыш айларына болгон даярдыктар уланып жатат. Аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутап, элге үзгүлтүксүз электр энергия берүүнүн аракети көрүлүүдө.