Орусиянын атынан кыргыз элине “Каакым” скульптурасы белекке берилет

“Моя Москва” маданий фонду жана Эл аралык жакшылыктын академиясы Орусиянын атынан кыргыз элине “Каакым” скульптурасын белекке берди. Бул жөнүндө скульптуранын автору бүгүн, 26-августта Бишкекте өткөн жыйында билдирди.

Аталган белек Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата берилгени маалым болду.

"Каакым" скульптурасы - тынчтык жана достуктун символу. Дүйнө жүзү боюнча мындай скульптура Франция, Германия, Австрия, Венгрия, Кытай, Мексика, Эквадор, Колумбия жана Филиппинде орнотулган. Алардын жалпы саны 25ке жетет. Кыргыз жерине орнотулган бул скульптура 25-скульптура болот", - деди аталган эмгектин автору Григорий Потоцкий.

Кыргыз элине “Каакым” скульптурасы белекке берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nur_zhoni
2016-08-26 14:50:30
Жакшы экен жакшы жерге орнотуп койгула
+2
barakcha
2016-08-26 15:01:30
Кызык)
0
Belek2070
2016-08-26 15:59:30
Бул да болсо Кыргызстанды сыйлагандык.
+2
Guli000
2016-08-26 16:44:26
Ордолуу Ошко отургузсанар да жакшы болмок ))
0
Belek2070
2016-08-26 18:03:50
Guli000, кошулам
0
anonymous
2016-08-26 18:29:03
Күнкарама берсе болмок символу түшүнүктүү да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан