Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата 31-августта түнкүсүн кыз-жигиттердин сармерден оюну өткөрүлүп, фейерверк атылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эгемендүүлүк күнү борбордук аянтта салтанаттуу аскердик жүрүш өткөрүлөт. Мындан сырткары улуттук оюндар ойнотулат. Майрамдык салтанаттын жүрүшү концерттик программалар менен коштолуп турмакчы.
"Нарын шаарында Эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдыгын кызуу белгилейбиз, анткени элдин көңүлүн көтөрүп, жашоого болгон кызыгуусун күч алдыруу - негизги максатыбыз. Бул күнү иш-чаралардын жыйындысында атайын фейерверк атылып, түнкү Нарын көрккө бөлөнөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Белгилүү болгондой, учурда Нарын шаарында майрамга карата иретке келтирүү, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.