Куралдуу күчтөрдүн аскерлерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды

Президент Алмазбек Атамбаев 26-августта Бишкек шаарында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери үчүн курулган көп батирлүү турак үйдү тапшыруу аземине катышты. Мамлекет башчысы аскер кызматчыларын жаңы конуштары менен куттуктап, Кыргыз мамлекетинин эгемендигинин алдында болуп жаткан бул жөрөлгө жаңы батирлердин ээлери сыяктуу эле өлкө президенти үчүн да кубанычтуу окуя экендигин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев мамлекет журт башына кыйынчылык түшкөндө колуна курал алып, эл-жерди коргой турган, тынчтык мезгилде жарандардын коопсуздугун камсыз кылып жаткан мекен сакчылары жөнүндө камкордук көрүүгө милдеттүү экенин айтты. Мамлекет башчысынын айтымында, кийинки 2 жылдын ичинде миңден ашуун аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү батирлүү болушкан. Бул иш мындан ары да улана берерин белгиледи.

Аскер кызматчыларына жаңы батирлердин ачкычтарын, ал эми Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевге үйдүн алдында балдар ойноочу аянтты куруу үчүн 300 000 (үч жүз миң) сомдук сертификатты тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Бирок маалыматта канча батир берилгени айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
ALATOOLUK.JIGIT
2016-08-27 09:52:01
Эл которулсо милиция менен коргоном деп пахта коё бербей Аксы тарапка да карап кой.
+15
KaiMak
2016-08-27 19:38:53
ALATOOLUK.JIGIT,Мынаны карагыла... АША кандай ачылыштар болбоссун учуп барып конуп, катышып, суйлоп, мына биз курдук деп келе калат, А чек ара проблемасы болсо дайыны жок ... Тынчып отуруп калат... Бул АШАнын эле кылып жатканы чек ара...
-2
eldar.
2016-08-27 09:52:44
Эми эптеп алдамай экенда ээ, конулду башкага бурдургусу келип. Былтыйбай чек ара маселесин чечишпейби.
Кайран гана элим. Шоорубуз шорподой кайнай турган болдуго. Мына козунорду жакшылап ачып коруп алгыла, "Бакиевди кетирип, олкону жомоко айлантабыз" деген, Атамбай, Текебай, Отунбай ж.б. жузун. Эми болсо биз азыр "жомок эмес, жок дегенде ошол Бакиевдин заманындай болуп турса дагы жакшы эле" деп тилибизди тиштеп отуруп калдык. Азыр андан дагы 2-3 кадам артга кеткенден ке
+16
sirgak_92
2016-08-27 09:56:52
eldar.,каркыраны казактарга Бакиев берип атканда
Бироонор чырыллап чыктынар беле Эми бакиевди
мактайсынар бироонор Бакиев сатпа деп чыккан
эмессинер кандай экен сезип атасынарбы эми
-5
Zein
2016-08-27 14:10:58
sirgak_92,туура
+1
sirgak_92
2016-08-27 09:58:13
Биз ошондо бакиевди жек коруп куйбогон жерибиз кул болгон Бакиев баш болуп ошол кооз жерди карматып ийген
+1
tuigan.
2016-08-27 10:07:02
sirgak_92,каркыраны Аскар байкен берген
+6
sirgak_92
2016-08-27 10:24:23
tuigan.,тарыхты жакшылап карап чыкчы
жогорку кенеш ратификациялаганда мадумаров
торага болуп туруп кол койуп Бакиев ал ратификациияга балчайда кол койуп Берген.Акаев узонгу куушту сатып жиберген
+3
kani135
2016-08-27 10:28:46
tuigan.,ункур тоону курманбек акан берген экенго каримовко коркуп
+3
gordaya
2016-08-27 12:10:59
tuigan.,Акаев Узонгу Куушту берген, айырмасы бар
0
Medina87
2016-08-27 10:13:17
sirgak_92,
Каркыраны мен 2009-жылы коруп озумду Суусамыр жайлоосунда жургондой сезген элем аттин...
Казактар айтмакчы "Калктын оозуна капкакты жаба албайсын!".
Саясат болумундогу талкууну жапкан менен Элдин уну баары бир Кудайга жетээрин билишсе болгону...
+2
Medina87
2016-08-27 10:03:35
Эл четинде, жоо бетинде жургон Куралдуу кучтордун аскерлерине уйлор берилгени эн туура!
Элдин коопсуздугу ошолорго байланыштуу.
+6
salimbek87.kg
2016-08-27 10:19:36
Талкуу ачык бекен туугандар... Жаны конушунар кут болсун.
0
ainur78007
2016-08-27 10:35:17
Ушул жерде да болунуп,кырылгыла.Силердей эр жигиттер сенин акан,сенин байкен деп болунуп атсанар чек араны чычкак улак да бузуп,тартып алат.Качан онолот экенбиз(((
+4
Aidai5555
2016-08-27 10:56:43
Ичибизге ит өлүп калган окшойт. Жакшылыкты да жакшылыкча кабыл ала албайбызбы... Эх, мындай нерсени кайдан жуктуруп алганбыз, ээн ооз болуп бүтүптүрбүз...
+5
Dadasdasd
2016-08-27 10:58:54
Ункур тоонун башына куруп берсин
+2
talant87
2016-08-27 11:06:15
менин агоротума бир тоок кирсин эле жыга чабам кошналар агп конгон тоогунда сыгарбайт. чек арага жакын жерлерге курбайбы
+4
ofiser26
2016-08-27 11:09:41
Бизге качан жетээр экен.
0
Guli000
2016-08-27 12:22:46
АЖОбуз артындагы былыктары мн иши жок, эчнерсени билбей корбогондой болуп жыртайып кайдагы иштер мн алек болуп журотго...!
+4
ERCHOROEV
2016-08-27 13:24:02
Болунбо кыргыз болунбо болунсон боору жейт болунду кырныз деп озбектерге кеп кетет.
0
fora
2016-08-27 13:56:49
Бул гитарис кыргызды жок кылат окшойт тезирак кетсе жакшы болмок 120 жеп жутары апараты кошо
+1
Guli000
2016-08-27 15:22:51
fora,Гитарис дее ))))))ичмди эздинго
-2
bond0202
2016-08-27 14:45:42
кайсы кылган иштери учун квартира берип жатат,озбектер каалагандай кирип оз билгенин кылып журушот
0
kyrgyz4ik
2016-08-27 21:16:29
Ушу АШАнын тарабын талашкандар силер КТРК м.н ЭЛТР коруп эле жатат окшойсунар. Эл кыйналып. атам деп ыйламсыраган кызды кордунорбу озбектер кармап отурган кыргызымдын биринин кызы. Эми айтсан соз коп Бакиев 5 жыл башкарды козго корунуктуу эле иштерди кылды..а корбогондор силер АШАны мактап телек коруп олтура бергиле. Уже 7 жыл жакындап калды..налог, страховка, ар учканга 15 доллар, свет айтаберсен элден акча алуунун жолун ойлоп эле убара.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан