Үңкүр-Тоодо 22-августта өзбектер кармап кеткен Нурбек Усупбаев үй-бүлөсүнө 2 күндөн кийин байланышка чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жубайы Гүлсия Дооронова бүгүн, 27-августта кабарлады.
"Нурбек 22-август күнү жумушка эртең менен чыгып кеткен, ошол бойдон келген жок. Жанында өзүнүн жана менин телефонум бар болчу. Буга чейин минтип көпкө чейин жок болуп кетчү эмес. Нурбекти Өзбекстанда деп угуп жатканбыз. Кармалышты дегенден 2 күн өткөн соң ал агама чалып, "мен Өзбекстандамын" деп эле айтканга үлгүрүптүр. Мына бүгүн 6-күн болуп жатат, бир кабар жок. Кудай буюрса, келип калат деп айтып жатышат", - дейт Гүлсия Дооронова.
"Кыргыз тараптан 11 адам Өзбекстанга өтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын акимчиликтен айтышты. "Колубуздан келгенин кылып жатабыз" деп жатышат. Биз жыйынтыгы болсо экен деп эле тиленип, күтүп отурабыз", - деп кошумчалады Дооронова.
Нурбек Усупбаев менен Гүлсия Дооронованын 2 баласы бар, бирөөсү кайтыш болгон. Учурда Усупбаевдин жубайынын да, апасынын да ден соолугу начарлап жатканы маалым болду.