Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге Москва шаарында өрттүн кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугу тууралуу тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алды. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны. Калган адамдардын жарандыгы тактала элек. Ал эми ооруканада жаткан төрт мекендешибиздин аты-жөнү такталды.