Бишкекте Москвадагы өрттөн каза тапкан Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын эскерүү иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, 28-августта Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында Москвадагы өрттөн каза тапкан Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Ага КРнын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев, Жанар Акаев жана бир катар коомдук ишмерлер, активисттер, шаар тургундары катышышты. Алар бир саамга аза күтүшүп, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына гүл коюшту.

Чогулгандардын улуусу катары журналист Бейшенбек Бекешов көзүнө жаш ала: “Эмне айтарымды билбей турам. Кырчындай жапжаш курак. Арты кайрылуу болсун”, - деди.

Акцияга катышуу үчүн келген Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев да көзүнө жаш алып, буларга токтолду: “Түз эфирден кыздардын күйүп жатканын көрүп отурдук. Бул окуя коомдо кыздарыбыз оор жүктү көтөрүп жүргөнүн көргөздү. Каза болгондордун көбү жаш кыздар. Эми гана сүйүү күтүп, тоодой тилектери бар эле. Тилекке каршы, алардын бири да орундалган жок. Бул кырсык катардагы окуя эмес, мындан сабак алыш керек”.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев:Бул окуя өкмөткө коңгуроо болуш керек. Керек болсо миграция кызматынын бир орун басары ошол жакта иштесин. Окуянын өлүм менен коштолуп жатканы аябай өкүнүчтүү. Башты жерге салып жүргөндөн башка аргабыз жок”, - деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
barakcha
2016-08-28 14:12:14
А.Ш.Аны ойготуп ала келсенер болмок.
+7
Ernis.98
2016-08-28 14:15:10
barakcha,уктап жатат дейсинби а, балким студияда ыр жаздырып жүргөндүр
+13
muhsina
2016-08-28 15:07:21
Ernis.98,АШАнын ыр жаздырып жылдыз болгусу келсе президенттиктен баш тартып отставкага чыксын! Ыр жаздырганга убактысы кенен болот. Элди ойлогондун ордуна жаны альбомум чыгат деп мактанбай. Президент олкону ойлошу керекпи же альбомунбу????!!!
-1
Ernis.98
2016-08-28 15:09:11
muhsina,Өлкөнү ойлогондо мындай абалга тушпойт элек
+11
muhsina
2016-08-28 15:14:26
Ernis.98, Бизге озун ойлогон президенттер насип кылган экен эх аттин... . Элди ойлогонун колдой албайбыз себеби добушубузду 500 сомго ушуларга сатканбыз убагында... эл озун озу ойлобогондуктан , добушубузду акчасы жок элди ойлогондорго берсек ушундай окуялар азаяр беле??? Калган келечегибиз тунгуюк....
-1
Aygir
2016-08-28 16:12:07
Ernis.98,ойготуп,пахмел кылдырып ала келгиле
-1
samagan
2016-08-28 14:12:47
Калп эле кайгырып койгону менен иш бутпойтда. Канчалаган мекендештер бар Москвада аларга жардам берууну ойлонуш керек курман болгондон кийин калп эле эскерип койбой. Бийликтегилер бийлик талашпай Элди ойлосонор боло.
+7
nura.177
2016-08-28 17:13:25
samagan,кооз суйлоп айтышты ,дешти эл козунокайгырышты кетишти бутту
0
Ernis.98
2016-08-28 14:14:00
Эх бийлик бийлик конституцияны өзгөртсөк дагы ушундай окуялар кайталана береби
+1
mega55
2016-08-28 14:17:39
САБР...бейиштерин берсин Аллахым,
+2
ofcourse
2016-08-28 14:33:33
Билбип билбей суйлобойлу куноону бироодон издебей озубуздон издейли .Мында кийинки шайлоо колдоп койгула деседа колдобогула шумшуктоду кан соргон кенедей соордуго олкону
0
Ernis.98
2016-08-28 15:16:18
ofcourse,кана андай болсо эл деген акча арак деген арам нерселерге азгырылып кетет ошо шайлоодогу 5000сомду 5 жылга болсок 2сом 7тыйындан тийип калат экен ошондо биз бир күнубузду 10 сомго сатып жатабыз
0
madina.87
2016-08-28 15:17:41
Эскерууго келген апалардын шорта кийип,жоолугу жогу албетте окундурот.
+3
Arcen2015
2016-08-28 17:18:22
madina.87,мен да тан калып койдум кииимдерине туура айтасыз
+1
KGstan1981
2016-08-28 15:19:41
Койгулачы Байкуш Атамбаевти соз кылбагылачы аны дагын тушунсо б-т ал дагы колу бош эмес студиясына барып ыр жазыш керек,Кой-Таштагы хан сарайы кантип курулуп жатат экен деп андан кабар алыш керек,элди кантип ишендирип,алдап конституцияны озгортуу жолун ойлоп жатат, чет олкодо кырсык болсо даароо бир саатка калбай конулун айт бул дагын чон жумушта озубуздукулор бир кырсыкка туш келсе коруп турганыздардай аран он саатта конул айтат
-2
Belek2070
2016-08-28 16:21:47
Ушундан корсо болот биздин жол башчыларыбыздын элге болгон мамилесин. Аллахым Беиштин торунон орун берсин силерге. Бир тууган ата-энелерине терен конул айтам. Силерге окулган ар бир куран суролор кабыл болсун.
0
sherzatik
2016-08-28 18:54:07
Болгондо да баары кыздар экен. көзгө жаш келип жатат уккан сайын.
0
sherzatik
2016-08-28 18:58:33
Акаев менен Бакиевдин түздөн-түз тиешеси бар себеби Кыргызстанды ушундай акыбалга алып келишти,5 жылда түзөөгө Атамбаевдин күчү жетмек эмес. Атамбаев ырдагандын ордуна башка иш кылса болмок(
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан