"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Өрттөн качып чыккан аял: "Мен түтүндү көрүп качып чыктым" деген аталышта видео жүктөлдү. (Ник: Nadya_90).
Видеодо 27-августта Москва шаарында өрт болгон жердеги орусиялык телеберүүдөн үзүндү көрсөтүлөт. Анда журналист басмаканада иштеп, өрт тууралуу угуп, имараттан качып чыккан аялдан окуя тууралуу сурады.
"Мен 4-кабатта иштеп жаткам. Өрт болуп жатканын уктум, күйүктүн жытын сезип, түтүндү көрүп эле качып чыктым", - дейт ал. "Калгандары укпай калыштыбы?" деген журналисттин суроосуна "мен уктум, алардын уккан-укпаганын өздөрүнөн сураш керек..." деп жооп берген.
Ошондой эле журналист имараттын ичинде калган аялдын күйөөсү менен жолукканын айтат:
"Анын айтымында, жубайы өрт болуп жатканда ага телефон чалган. Ал келсе, өрт өчүрүүчүлөр турушуптур. Алар адамдарды куткаруу үчүн аракет кылбай, буюртманы күтүп тура беришкен. 4-кабаттагы кыздар жардам сурашканы менен, аларга жардам ошол замат берилген эмес. Өрт өчүрүүчүлөр имаратты сактоо менен көбүрөөк убара болушканын айтат ал".