Меккеде кыргыз ажылары үчүн тамак-аш даярдалган ашкана текшерилди

Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү кыргыз ажыларына тамак-аш даярдоочу "Санабел Аль Салам" ашканасынын абалы менен жеринде таанышышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын түзүлгөн комиссия ашкананын санитардык абалы, тамактарды даярдоо ыкмалары жана өз убагында мейманканаларга жеткирилүүсү, азык-түлүктөрдүн кечиктирилбей келиши боюнча кабар алышты.

"Кыргыз өлкөсүнөн келген ашпозчу Зияуддин Махмудовдун айтымында, учурда ашканада ажылар үчүн даярдалып жаткан тамак-аштарга кетүүчү азык-түлүктөр өз учурунда алынып даярдалат. Ажылардын табитине жараша тамактар даярдалып, кечиктирилбей берилет", - деп айтылат маалыматта.

Убактылуу республикалык штабдын тамак-аш боюнча жооптуу кызматкери Алимбай Эргешовдун айтымында, ашканадагы шарттар санитардык нормаларга жооп берет жана Сауд Арабиянын жергиликтүү санэпидемстанциясынын өкүлдөрү ар күнү өздөрүнүн стандарттуу көзөмөлдөрүнөн өткөрүп турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
FIFA-KG
2016-08-28 16:57:47
Кыргыздар баарын оздорундой ойлоп, """эшектин этинен кошуп койбодубу экен""" деп текшергенго, как будьто оздору аларданда онуккон, таза олкодо жашагансып)))) алардын помой токкон болмолорунун санитардык абалыда кыргыз ашканаларынан таза болсо керек))))
-3
azimut
2016-08-28 17:58:59
FIFA-KG, Бираз оозуна карап суйлочу, жазат десе эле оюна келгенди жаза бербей! Акылын барбы башында?
-1
OFICER
2016-08-28 18:09:58
azimut, Туурасыда ошондой да, не чычалайсынар
+2
azimut
2016-08-28 19:24:00
OFICER, Туурасында эч кандай ошондой эмес,сен качан кордун эле кыргыздын ашканасынын "помой" болуп калганын! Тамашанын да эби чени болот!!!
0
OFICER
2016-08-28 18:08:40
FIFA-KG,++++ туура айтасын.
0
muhsina
2016-08-28 18:44:20
FIFA-KG, Созсуз эле эшектин эти деп текшерет деп ойлоп алгансынар го, булар сактыкка кордук жок деп текшеришкен...
+2
ulan.zhoroev
2016-08-28 23:29:22
Бул жерде эшектин этинен да обсуждениядагы достор силер бириндин этинди бирин жеп жатасынарго ар бир создон кылтак таап
0
lenovo820
2016-08-28 23:48:24
ulan.zhoroev, jumurtkadan kyr izdep jatywaby
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан