Малайзиядагы кыргыз диаспорасы Москвадагы кырсыктан каза тапкандардын туугандарына 50 миң сом акчалай жардам чогултту

Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле малайзиялык жарандар катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Жолугушуунун катышуучулары Орусия Федерациясында каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү менен аза күтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө кайрымдуулукка 50 миң сом чогултулду, алар кайгылуу кырсыктан каза тапкандардын туугандарына берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан