Бүгүн, 29-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кыргыз эли оор трагедияга туш болду. Москвада жашап, иштеп жүргөн 14 кыз-келин тирүүлөй өрттөнүп кетти. 27-августта Москвадагы типографиялардын биринде таң эрте чыккан өрт заматта имаратты каптап, 4-кабаттагы жумушчулар сыртка чыга албай калышты. Өрттөн 17 адам каза таап, алардын 14тү кыргыз мигранттары, баары кыз-келиндер экендиги, көпчүлүгү 20нын тегерегиндеги жаштар, атүгүл 18 жашка толо электер бардыгы, бирөө кош бойлуу экени аныкталды. Бул маалыматтын баары “өрттөн кийин”, чырактай кыздардан айрылып калган соң аныкталып отурат. Өрт чыккан жерде теңтуш-курбуларынан, кесиптештеринен көз көрүнө айрылып калган жаш кыздын чыркыраган ыйы бүткүл кыргызды силкинтти. “Өрт өчүрүүчүлөр келгени менен, ишти эмнеден баштаарын билбей турушту. Эртерээк кыймылга келишсе көпчүлүгүн сактап калышмак. Алар 16-17 жаштагы кыздар эле. Эми ким жооп берет?! Кыргызстандагы коррупционерлерге кайрылат элем, бизде баары жакшы болсо, бул жактарга келмек эмеспиз! Биз өзүбүздүн жерибизде жашайт элек, иштейт элек. Минтип азап тартмак эмеспиз!” Бүгүнкү кыргыз мигрантынын ыйы ушундай...
Мигрант кыздын ый аралаш кайрылуусуна карата бийлик тарабынан реакция жасалуусу үчүн бир күн убакыт кетти. 27-август күнү кечке жуук президенттик аппараттын маалымат кызматы өлкө башчысынын элге көңүл айтуусун таратты. Пресс-релизде өлкө башчысы өрттөн каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүү тапшырмасын бергендиги айтылат. Өкмөттүк аппарат мындан да кеч ойгонуп, премьер-министрдин көңүл айтуусу эртеси күнү таратылды. Парламент спикери бир суткадан өтүп көңүл айтууга араң сөз тапты. Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов социалдык тармактагы өз баракчасы аркылуу: “Силерди коргой албаган, күлгүн жаш курагыңарда бөтөн эл, бөлөк жерде ажалга алдыртып ийген кыргыз жигиттерин кечиргиле. Өз элин, өз жерин өзгөлөрдөн коргой албаган арсыз бийликтин алсыздыгын кечиргиле”, - деп кечирим сурады. Үй-бүлө тиричилигинен баштап улуттук экономиканын жүгүн да кыргыздын кыз-келиндери көтөрүп келе жатышканын “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев белгилеп: “Кыздарыбыздын өлүмү - бул улуттук масштабдагы трагедия. Биз өкмөткө республика боюнча аза күтүүнү жарыялап, кыздарыбыздын элесин эскерип, акыркы сапарга татыктуу узатууну сунуштайбыз. Бул трагедиядан өкмөт жыйынтык чыгарсын”, - деди. Учурда бийликте иштеп жаткандар оппозициячыларды мындай билдирүүлөрдөн улам “капыстан болгон трагедияда кыйкырып чыгып өзүңөргө упай иштеп жатасыңар” деп тикелей да, тымызын да айыпташууда. Өкмөт, элдин жашоосун жакшыртууга жооптуу болгон чиновниктер бул окуяда кандай аракеттерди кылып жатышат? Буга чейинки каргашалуу окуяларда болуп келгендей эле президенттин, премьер-министрдин жана спикердин фондунан каза тапкандардын сөөгүн алып келүү үчүн акча бөлүнүп, каза тапкандардын жакындарына материалдык жардам көрсөтүлөрү айтылды, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен... Демек, ошол эле тирүүлөй өрттөнүп кеткен кыздарыбыз Кыргыз жерине которгон акчанын дагы эсебинен. Вице-премьер-министрди сөөктөрдү алып келиш үчүн Москвага жиберишти. Ошону менен бул окуя унутулат. Атүгүл Ак үй менен Көк үйдүн көшөгөлөрүнүн артында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын, Көчмөндөр оюндарын пландалгандай кеңири масштабда белгилөөгө тоскоол болуп капыстан чыга калган бул трагедия сындалып, жектелиши да мүмкүн...
Жалпы кыргыз чырактай кыз-келиндеринен айрылып, аза күтүп турган күнү президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков жана 5 фракциянын башчылары Иса Өмүркулов, Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов жана Өмүрбек Бабанов менен жолугушуп, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн референдум өткөрүү ишин талкуулады. Бул жолугушууга бир гана фракция жетекчиси, “ата мекенчи” Өмүрбек Текебаев барган жок. Убакыт чукул. Жогорку Кеңеш 1-сентябрдан жумушун баштайт. Депутаттык жыйындар башталгыча акыркы даярдыктар бүтүшү шарт. Эл эмне, өз кайгысы өзүндө, чыдап келе жатат... Чыдай турат... Мамлекеттик аза күтүү күнүндө президент өлкөнү башкарууга катыштыгы бар бардык чиновниктерди чогултуп, эмгек миграциясы, мигранттардын турмушун жакшыртуу, өлкөдө жумушсуздукту жоюу маселесин кабыргасынан койсо, эл аз да болсо соороно түшмөк, үмүт жаралмак... Эгер Жогорку Кеңеш дагы 1-сентябрда жумушту мигранттардын маселесин чечүүдөн эмес, Конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн баштаса, анда тарап кете беришкени оң. Алар элдин маселесин чечүү үчүн шайланып келген өкүлдөр. Түздөн-түз ошол милдеттин үстүнөн иштөөлөрү зарыл...
Өзбектер Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеп жаткан жеринен кармап кетишкен 4 кыргыз жараны эмдигиче камакта. Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев өзбек тарап менен өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады. Мындай деңгээлдеги сүйлөшүүлөр 8 күндөн бери жыйынтык бербей келет. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 27-август күнү оор абалда ооруканага жеткирилгени белгилүү болду. Анын абалын дарыгерлер “өтө оор” деп мүнөздөшүүдө. Бошотулары же чек араны бузду деп камалып кетери белгисиз болуп турган кыргыздын 4 жаранына мындай учурда Өзбекстанда көңүл бөлөр чиновник табылышы күмөн...
Москвадагы каргаша, Үңкүр-Тоонун тагдыры, өзбектер кармап кетип 8 күндөн бери камакта жаткан жарандарыбыздын жакындарынын ыйы - эгемендүү Кыргыз мамлекети 25 жылда эмнеге жетишкенинин жыйынтыгы. 14 кыздын өлүмү азыркы-мурунку бийликте иштеп, элдин атынан чечим кабыл алып, жашоону жакшыртпастан, тескерисинче, өлкөнү сазга батыргандардын абийиринде. Элдин бул окуядан улам бийликке карата каарданышы жөндүү...