Москвада өрттөн каза болгон Индира Мааткасымованын артында үч баласы калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталына маркумдун жеңеси Дамира Жумакадырова билдирди.
"Каза болгон кыз менин кайын сиңдим болот. Ал 5-6 жылдан бери Москвада иштеп балдарын бакчу. Эч кимге жамандыгы жок, жакшы адам эле. Бир туугандарына, ата-энесине оор болду. Бир тууган агасы Индиранын каза болгонун угуп эс-учун жоготуп, бир нече жолу "Тез жардам" чакырышты", - дейт Жумакадырова.
Индира Мааткасымованын жолдошу да Москва шаарында эмгектенет. Балдары таенесинин колунда калышты. Маркумдун сөөгүн тосуп алууга жакындары жана бир туугандары келишкен. Индира Мааткасымованын артында 3 эркек баласы калса, улуусу 11-класста, ортончусу 3-класста окуйт. Ал эми кенже уулу быйыл 1-класска бармак.
"Окуяны балам телеканалдан көрүп калып кабарлады. Баарыбыз үчүн оор болду. Ал өзү 3 бир туугандын кичүүсү болчу", - деп кошумчалады Жумакадырова.
Эске салсак, бүгүн Москвадагы өрттөн каза болгон жердештерибиздин сөөктөрү Кыргыз өлкөсүнө келет.