"Ош" аэропортуна Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөктөрү алынып келинди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Сөөктөр туугандарына берилди. Үйүнө чейин жеткирүүгө жергиликтүү өкмөт өкүлдөрү көмөк көрсөтүүдө. Жалал-Абадга 3, Ош менен Баткенге 7, Бишкекке 4 маркумдун сөөктөрү жиберилди", - деди ӨКМ кызматкери.
Бишкектеги аэропортто айрым маркумдардын туугандары өздөрүн жаман сезип, эс-учун жоготкондор да бар. Учурда 4 сөөк ӨКМнын 2 унаасына жүктөлүп, шаарды көздөй бет алды.