Оштогу борбордук базардагы товарларга 1 ай мурун мониторинг жүргүзүлгөн, арыз түшмөйүнчө рейд жүргүзүлбөйт

Кечээ, 29-августта окурманыбыз WhatsApp аркылуу Ош шаарындагы борбордук базарда колдонуу мөөнөтү өткөн сагыз, момпосуй сатылып жаткандыгы тууралуу кабар жөнөткөн. Бул маселе боюнча Ош шаардык Тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү агенттигинин бөлүм башчысы Алик Мурзалиевге байланыштык.

"Мөөнөтү өтүп кеткен товарларды биз көзөмөлдөйбүз. Шаардагы бардык базар, дүкөндөрдөгү товарларды мониторинг жүргүзүп карап турабыз. Эгер бул сагыз, момпосуйду кайсы жактан көргөнүн так айтса, рейд жүргүзүп, мөөнөтү өткөн товар табылса, чара көрөбүз. Бүт базарга рейд жүргүзүүгө укугубуз жок. Арыз түшкөн соң гана текшеребиз. Ал эми бул базар боюнча арыз түшпөгөнгө байланыштуу биз бир айдан бери бара элекпиз", - деди Мурзалиев.

Мөөнөтү өтүп кеткен товардын сатуучусуна айып пул салынбай турганын кошумчалады ал.

"Эгер мониторинг маалында мөөнөтү өткөн товар табылса, алдырып коёбуз. Эгер өлчөмү көп болсо, Санитардык-эпидемиологиялык станцияны чакырып, товарды алабыз, мэриянын алдында түзүлгөн атайын комиссияга өткөрүп беребиз. Алар өз кезегинде чечим чыгарып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдында ал товарларды жок кылышат", - деди Тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү агенттигинин бөлүм башчысы.

"Эгер кардар ал түрк фирмасынын атын да айта алса, ал фирманы да текшерүүгө алабыз. Бизге факт керек", - деп кошумчалады Алик Мурзалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Frunze74
2016-08-30 16:31:32
Билебиз кантип текшерээринерди. Тыйынын чонтокко салып коюп эшектин этин сатып жатса билмексен гана болосунар го... Эл кочодон тамак жегенден да чочулап калды, тамак жесе эшектин эти, товар алса просроченныйлар...
+4
modern-group
2016-08-30 17:09:23
бир барып текшеримиш болуп акчасын алабыз да оз жолубуз менен эле кете беребиз деп мойнунарга алсанар! тим эле факт керек деп аласынарда. базарда тыгылып жатат просрочка товар. народныйда более жакшы болсо керек деп барсак ал жердеги товардын срогун айтпай эле койоюн. баары начар!
+3
aikokul14
2016-08-30 17:40:30
Качан отравление болуп,олуп баратканынарда текшеребиз деп койгула,созсуз бироо арыз жазмайынча сата беришет экенда анда алар,Кара Сууда шоколад саткан рядда бир узбечка аял куйоосу менен сатат жалан мооноту отуп кеткен,печенье,конфеттерди базардан арзаныраак баада,биздикилер аны карап дагы коюшпайт,оптом арзан экенда деп ала беришет.
+2
Zanzibara
2016-08-30 21:27:40
Бул башкаруу система менен биз эч качан онукпойбуз. Кай жерге барба сөзсүз коррупция эчак чырмап алган. Качан арыз түшөт деп анырайып олтура бербей бир жумада бир текшерип туруш керек милдеттүү түрдө. Бирок биздикилер мыйзамга шылтап коюп олтура беришет. Арыз түшсө деле кыйратпайт барат сатыктан алдырат алар кеткен соң кайра башкасын сата бермей)) же текшеребиз деп эскертишет эскертүү алган жер туура эмес нерселерин тазалап койот. Бул система чирип бүткөн.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан