Бүгүн, 30-августта Оштогу окурман WhatsApp аркылуу жөө жүрүүчүлөр өтө турган жолдо токтотулган унаалардын сүрөттөрүн жиберген. Ага байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда, Административдик кодекстин 205-беренесинин 1-пунктуна ылайык, ал жерге токтогондор 1000 сомдон айып төлөшөрүн билдирди аталган башкармалыктын басма сөз катчысы, милициянын подполковниги Замирбек Сыдыков.
"Айдоочулардын баары ал жерге токтоого болбойт экенин билген айдоочулар. Бул биринчи кезекте алардын айдоо этикасын сактабагандыгы, башкаларды сыйлабагандыгы. Ошол жерге токтогондор, Административдик кодекстин 205-беренесинин 1-пунктуна ылайык, 1000 сомдон айып төлөшөт. Алардын көбү боло берет деп, токтоочу жайда орун жок болуп калса, токтой беришет. Андай айдоочулардын ондогонуна, жүздөгөнүнө айыптар салынган. Ошого карабастан, айдоочулардын арасында дагы тартипке келүү болбой жатат. Бул багытта мектепте дагы иш-чараларды көбөйтүү керек. Учурда буга байланыштуу ар кандай социалдык роликтерди тартып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, бирок азыркы абал бул иштер аздык кылып жатканын көрсөтүүдө. Демек, биринчи кезекте, аларга айдоо этикасын үйрөтүшүбүз керек, жазалоо менен мындай маселелерден кутулуу мүмкүн эмес экен. Айдоочу катары мага деле ошондой айдоочулардын жоруктары жакпайт. Эреже бузгандарга да эми түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз", - дейт милициянын подполковниги Замирбек Сыдыков.
Ал эми Масалиев кең көчөсүндөгү аялдамага туруп, жол тыгынын жараткан маршруттук таксилер тууралуу Замирбек Сыдыков төмөнкүлөргө токтолду:
"Маршруттук таксилер автобекеттен кетиши керек. Мурун шаардык соттун эски имаратынын жанынан алып кетишчү, ал жерден кетиргенбиз. Бул маселени териштиребиз, текшеребиз".