Президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып айрым саясий күчтөрдүн короосуна таш ыргытып, сынга алды. Атамбаев: “Он жыл мурда, дал ушул аянттан мен Токмок эт комбинатында болгон окуяны айтып бердим эле. Эт комбинатында совет кезинде койду ток менен өлтүргөндүктөн, өлүмдүн жытын сезген койлор ал жакка кирчү эмес экен. Ошондуктан алардын алдына атайын үйрөтүлгөн теке чуркап чыгып, койлорду өлүмгө ээрчитип барып, өзү болсо атайын эшиктен чуркап чыкчу экен. Кээде баарыбыз алданабыз,мен да далай жолу алдангам, бирок кайран кыргыз элим акыркы 5-6 жылдын ичинде кимдин ким экенин жакшы эле билип калды. Кыргыз эли ошондой текелерди ээрчий турган кой эмес жана эч качан кой болбойт”, - деди.
Президенттин мындай пикирин социалдык түйүндөрдө интернет колдонуучулар катуу сынга алып, анын бул сөзү Өмүрбек Текебаевдин дарегине айтылганын жазышууда.