Эгемендүүлүк майрамында милиция кызматкерлери соодагерлердин соода кылуусуна уруксат беришкен жок

Бүгүн, 31-августта Кыргыз өлкөсүндө эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы белгиленип жатат. Борбор калаада майрамдаган эл менен кошо сейил бакта бир күн болсо да соода кылып, акча таап үй-бүлөсүн баксам деген жарандар да чыгышкан. Панфилов сейил багынын айланасында кээ бири самса, оромо, суусундук, башкалары түрдүү шарларды, оюнчуктарды сатып жатышты. Бирок соода кылууга милиция кызматкерлери уруксат бербей, Фрунзе көчөсүнөн алыста соода кылууну талап кылышты. Андыктан жарандар аргасыздан жайган товарларын жыйнап, алып келгендерин алып башка жактарга жөнөп жатышты.

Тамак-аш жасап чыккандардын айтымында, алар таң эрте баарын бышырып даярдашкан. Ар майрамдарда ушинтип иштеп, акча таап балдарына кийим-кече, тамак-аш алышат.

Ислам аттуу 4-класстын окуучусу бүгүнкү иштеп тапкан акчасына мектепке кийим сатып аларын айтат. "Мен апама жардам бергени келдим. Түнү менен оромо, пирожки бышырып чыктык. Баарын сатсак, апам мага кийим алып берет", - дейт Ислам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sabyr86
2016-08-31 15:59:53
Таштандыдан сактануунун бир жолу,био чети туура эле.
+3
arena2014
2016-08-31 17:45:50
sabyr86,Таштанды тазалагычтар тазаласын айлык акы алгандан кийин. Булар майрамды канча кутуп бир эки сом табалы деп туну бою уктабай бышыргандарын саттырбай койуп каргышка калды.Наалат ошолорго!!!
+2
Pantherka
2016-08-31 16:54:22
Анча кыйын экен таштанды таштагандарга штраф салбайбы?!
+1
nazgul.elhan
2016-08-31 18:46:11
Милициялар деле жогору жактан алган приказын аткарып жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан