ЭЛДИК КАБАР: Баткен-Исфана жолунда Хово унаасы оодарылып, 40 тоннага жакын дизель майы шаарга кетчү суу каналына төгүлдү

Бүгүн, 31-августта саат 15:20да Баткен-Исфана жолунун 35-чакырымында дизель майын ташыган Хово үлгүсүндөгү машина оодарылып кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Ховону катуу ылдамдыкта айдап бараткан айдоочу унааны башкара албай, ал оодарылды. Унаа күйүп, 40 тоннага жакын дизель майы Баткен шаарына кетчү суу каналына куюлуп кетти. Бактыга жараша, айдоочусу аман калды. Ал эми унаа толугу менен күйүп, катуу жарылуу болду", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Alixan-Nookat.2015
2016-08-31 16:43:46
Кудай сакта ээси аман калыптыр жакшы
+4
salimbek87.kg
2016-08-31 16:47:44
Айдоочу аман калган болсо болду эч Ким жабыркабай Жан аман болсо калганы табылат.
+5
leilekstan_1987
2016-08-31 16:57:37
Эн негизгиси адам омуру кыйылбаптыр. Жаман окуя болуптур бирок
+2
Adi97
2016-08-31 17:07:28
Mashina orttongonu eshteke emes.Mashina tabylat, ozu aman kalyptyr. Birok suuga kuiulgany jaman boluptur
+2
XAN-TORO
2016-08-31 17:40:37
Кандай болгон күндө да акырын айдабаптыр. Аман калганы жакшы болуптур. Машина да бир чириген байдыкы болсо керек эми ошону төлөтөт соляркасы менен дагы шорун куурутат экен да
+2
nazgul.elhan
2016-08-31 17:51:17
Эх кудайым тынчылыгыны бере кор. Жергебизде эмнелер болуп атат. Пейлибизди ондойлучу кыргыз элим.
+2
Miroslav
2016-08-31 18:36:54
Шорду айдочу эми башка машина айдап солярканы,машинаны толойтгоо.
0
Ayida
2016-09-01 00:15:54
Суу адамдарга зыян беретго?
0
temirov76
2016-09-01 08:53:58
Ушул бизнестин айынан жолдор талкаланып сууларыбыз булганып буто турган болдуго.
0
zhykyo
2016-09-01 16:41:42
Жакшынакай эле Кыргыз боз уйлор тигилип жатат муну алдыга карай каадам деп эсептейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан