Жогорку Кеңештин 1-сентябрдагы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин Эгемендүүлүк күнүндө айткан сөзүн сынга алды.
"Президент Атамбаев кечээ элди бириктирүүгө багытталган сөздөрдү айтуунун ордуна чоң тойду бузду. Мен үйүнө барып өз ара сүйлөшө алмакмын же көчөдөн кармамакмын. Бирок кеп эки эркектин ортосундагы мамиле жөнүндө эмес, кеп Роза Отунбаева жөнүндө. Атамбаев кечээ "Роза Отунбаева мыйзамсыз шайланган, ал "самозванка" деп айтты. Эгер буга унчукпай койсок туура эмес болот. Роза Отунбаева оор мезгилде Убактылуу өкмөттү жетектеп, жоопкерчиликти моюнуна алды. Бул өкмөт болгону 3 ай иштеди. Бул убакыт ичинде Отунбаеваны бүт дүйнө тааныды. Анын жасап кеткен эмгегин эч ким тарыхтан чие албайт", - деди Текебаев.
Андан соң Текебаев депутаттарга кайрылып: "Өлкөнүн келечеги силердин колуңарда. Биз бирөөнүн малайлары эмеспиз. Эч бир президент бизди иш бөлмөсүнө чакырып, көрсөтмө алууну талап кылбаш керек. Элде бизден башка таяна турган эч ким жок. Эл бизди жамандаганга өзүбүз жол берип жатабыз. Эл качан адамды сыйлайт? Адам жакшы иш кылганда, жоопкерчиликти моюнуна алганда элдин сыйына татыйт", - деди фракция лидери.
Андан соң ал КСДП фракциясынын депутаттарынын дарегине төмөнкүдөй кайрылуу жасады:
"КСДП мен үчүн жат партия эмес. Бул партиянын мүчөлөрү менен өлкө үчүн чогуу күрөшүп, камакка алынган күндөрүм болгон. Бүгүнкү күндө КСДПны силер эмес, Фариддер (ред. Фарид Ниязов - президенттик аппараттын башчысы), Исаковдор (ред. Сапар Исаков - президенттик аппараттын башчысынын орун басары) башкарып отурушат. Өлкөнү президент эмес, анын айланасындагылар башкарып жатат. Ошондуктан биз өлкөнү сактап калуу үчүн биригип, туура жолго буралы".