Бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнү мурдагы СССРдин курамына кирген Казакстан, Армения, Молдова, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдө белгиленүүдө. Ушул күнү аталган өлкөлөрдө 3 айлык эс алуудан соң окуу жылы башталды. Окуу жылы Финляндия, АКШ өлкөлөрүндө август айынын ортолорунда башталса, Японияда апрелде башталат. Ар бир өлкөнүн өзүнүн мыйзамы, салт-санаасы ар башка болгондуктан, билим берүүсү да түрдүүчө. Төмөндө дүйнөдөгү билим берүү тартиби, жайгашкан жери менен өзгөчөлөнгөн мектептерди сунуштайбыз.
1. Жер астындагы мектеп
Американын Рестон шаарындагы "Террасет" мектебинин окуучуларын "жер астындагы балдар" деп аташат. Аталган мектеп 1970-жылдары өлкөдөгү электр энергиясын үнөмдөө максатында жер астына курулган. Бирок окуу жайды жылытуу эле эмес, салкындатуу да керек болчу. Бул көйгөй күндөн энергия алуу менен чечилген. Ошентип, мектеп оригиналдуу билим берүүсү менен өзгөчөлөнбөсө да, электр энергиясын үнөмдөгөн, туристтерди кызыктыруучу жайга айланган.
2. Тартиби жок мектеп
Канаданын Торонто шаарындагы "ALPHA" мектебинде дайыма "тил албоо" майрамы өкүм сүрөт. 1972-жылы ачылган бул мектепте эч кандай баа, үй тапшырмасы, сабактар тизмеси, мугалимдердин урушу деген нерсе жок. Окуучулар өздөрү окуу күндү кантип өткөрүү керектигин чечишет. Бир класста жаш курагына жараша эмес, кызыкчылыктарга карап бөлүнүп окушат. Ал эми мугалимдердин жумушу - окуучуларга тоскоолдук жаратпоо.
Эгерде мектепте түшүнүксүз жагдайлар пайда болсо, анда окуучу жана мугалимдерден турган атайын комитет түзүлөт. Анда ар бири өз көз карашын айтып чыгышат. Андан соң комиссия чечимдердин варианттарын сунуштайт. Эң башкысы - баарына жаккан чечимди кабыл алуу. Ошондой эле окуучулар чоңдор менен кошо мектептеги башкаруу системи, сабактарга өзгөртүү киргизүү боюнча ойлорун айтууга укуктуу.
3. Көчмө мектеп
Якутиядагы бугу багуучулардын балдары үчүн атайын көчмө мектептер иштейт. Анда окуучулардын аз санда болгонуна карабай атайын түзүлгөн сабактардын жүгүртмөсү боюнча билим алышат. Ал жайда көчмө мектептер улуттук долбоордун алкагында интернетке туташтырылган. Окуучулар тапшырмаларын интернет аркылуу алышып, жообун текшерүүгө жиберип турушат.
4. Тил табышуу мектеби
Түштүк Кореядагы Пусан шаарындагы чет элдик жарандар үчүн ачылган мектептеги окуучулар, мугалимдер жыл бою баш көтөрбөй иштешет. Анткени бул жерде Кореяга узак мөөнөткө иштегени келген жарандардын же эмигранттардын балдары окушат. Жергиликтүү элдин салт-санаасын билбегендик көпчүлүк учурда жаш балдарга кыйынчылык жаратып, шылдыңдоого кабылышат. Андыктан мектепте көп психолог-мугалимдер иштешет.
5. Калкып жүрүүчү мектеп
Камбоджа өлкөсүнүн кооз жайларынын бири - калкып жүрүүчү Компонг Луонг айылы. Анда кадимкидей эле үйлөр, тамактануучу жай, дүкөн, жадакалса мектеп да бар.
Калкып жүрмө мектеп окуучулар үчүн билим алуучу эле жай эмес, экинчи үйүнө да айланган. Көпчүлүк балдардын ата-энелери балык уулоо учурунда каза болуп калышкандыктан, алар ошол жайда жатып окушат. Балдарды ар тараптуу камсыз кылууда туристтер да жардамга келишет. Алар окуучуларга оюнчуктарды, мектепке керектүү буюмдарды, таттууларды алып келип турушат.