Ысык-Көлгө келген эс алуучулардан кийин таштандылар калып жатканын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Көлдүн тазалыгы биздин колубузда. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү тургундары бара турган жери таштандыга толуп кеткен. Тургундар көл жээгине тамак-аштын калдыктарын, ар кандай таштандыларды таштап кетишет. Учурда жээк таштандыга толуп, барган адамга жагымсыз көрүнүш жаратууда. Жеке менчиктеги жээктерди ээлери тазаласа, калгандарын ким тазалайт?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.