Чыныбай Турсунбеков: "Кыргыз мамлекетинде энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү эң жогору бойдон калууда"

"Борбор Азия жана Чыгыш Европага салыштырганда Кыргыз мамлекетинде энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү эң жогорку деңгээлде калууда". Бул тууралуу парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилеринин форумунун директору Мику Марумото менен жолугушууда айтканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Турсунбеков эне менен баланы коргоо, аймактарда репродуктивдүү саламаттыкты сактоо, жаштардын ден соолугу жана гендердик маселелер боюнча форумдун жүргүзүп жаткан иштеринин маанилүүлүгүнө токтолду. “Борбор Азия жана Чыгыш Европага салыштырганда Кыргыз мамлекетинде энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү эң жогорку бойдон калууда. Энелер менен балдардын турмуш шартын жакшыртуу максатында парламент тарабынан “КРнын жарандарынын саламаттыгын сактоо тууралуу”, “Эмчек эмген балдарды коргоо, азык-түлүктөр маркетингин жөнгө салуу жана балдарга жасалма тамак берүү үчүн каражаттар жөнүндө”, “Нан унун байытуу" тууралуу мыйзамдар, ошондой эле “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзам да кабыл алынган”, - деди төрага.

Өз кезегинде Марамуто Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилеринин форуму Кыргыз мамлекетине 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Мика Марумото калкты жайгаштырууну өнүктүрүү милдеттерин ишке ашыруудагы парламентчилердин ролун, ошондой эле өкмөттүк органдардын өкүлдөрүнүн эл аралык уюмдар жана бейөкмөт бирикмелер менен сектор аралык кызматташтыгына басым жасоо керек экенин белгиледи.

Соңунда Кыргыз мамлекети аталган форумдун активдүү мүчөсү экени, мындан аркы кызматташтык мамилелери жаңы баскычка чыгары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
DNurgiza
2016-09-02 12:30:46
"алуу керек, жасаш керек"дебей иш кылышпайбы, жакшыыыы врачтарды даярдап, туура эмес кылгандарды жазалап.
+3
nura.177
2016-09-02 13:04:27
Курсак ток кайгы жок оздору чет олкого барып даарыланса ,калп эле мыйзам жазып аткарылбаган ,элди алдап жеп ичип журо бергиле. Эл учун иштегендер качан келээр экен
+1
Revolyutsiya
2016-09-02 13:59:15
Билет экен элдин унун угуп, торотканалар менен ооруканалардан кабар алып, паракор, кайдыгер жана шалаакы врачтарды жазага тартпайбы, оозу менен орок орбой...
+1
Nyrbany.ayim
2016-09-02 15:04:08
Revolyutsiya, сен коп торогонсунго
-3
aziziko
2016-09-02 22:51:32
Чыныбай байке озунуздун унунузду чыгарып журо беринизчи . Сизге эмне жетишпейт ? Ундан канча пайда коросуз. Нан унун байытуу деп озунузго чонтогунузго тушо турган акчалардын долбоорун ойлоп жатасызбы ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан