Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2-сентябрга карата 17 миллиард метр кубдан ашты. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда агып кирген суунун көлөмү 520 метр кубду, сарпталып жаткан суунун көлөмү 211 метр кубду түзүүдө.
Кошумчалай кетсек, суу сактагычтагы суунун 2015-жылы 1-сентябрга карата көрсөткүчү 12 миллиард 569 миллион метр кубду түзгөн эле.