Кытай элчилигиндеги жардыруудан жабыркаган жарандардын абалы жакшырып, ооруканадан чыгарылышты

Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигиндеги жардыруудан жабыркаган жарандардын абалы жакшырып, ооруканадан чыгарылышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

"Элчиликтин алдындагы жардыруудан жаракат алган жарандар ооруканадан чыгарылышты. Алардын абалдары жакшырып, калыбына келтирилди", - деп билдирди Кубатбеков.

Эскерте кетсек, 30-август күнү эртең менен Кытай элчилигинде жардыруу болгон. Жан кечти унаасы менен элчиликтин дарбазасын сүзүп, автоунаасын жардырып жиберген. Жардыруудан улам эки жаран денесинен жабыркап, ооруканага түшкөн.

Аталган окуяга тийиштүү кызматтар теракт деген мүнөздөмө беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан