Владимир Путин менен Жон Керри да Өзбекстанга барышары айтылууда

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 3-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарына бара турганын 2-сентябрда чет элдик ММКлар жазышты. "Uzmetronom.com" сайтынын маалыматында: "Путин Кытайда өтчү G20 саммитине катышуу үчүн бараткан сапарында Өзбекстанга токтойт. Ал эми Жон Керри дагы Индияда жүргөн сапарынан кыска убакытка Өзбекстанга барат", - деп айтылат.

Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга бара турганы жазылган.

"Фергана" басылмасы өлкө башчысы Ислам Каримовдун 29-августта каза болгондугун жана Самаркандда аны жерге берүүгө даярдык жүрүп жатканын жазышкан. Бирок Каримовдун каза болгону боюнча маалыматтар азырынча расмий тактала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ALATOOLUK.JIGIT
2016-09-02 18:38:30
Адамгерчилиги жонундо соз айта албайм,бирок Каримовдун саясий тактикасы абдан мыкты болчу. Лидер катары сыйлаганы учун доо-шаалар келип атат. Акаев,Бакиев,Атамбаев учоо бир кундо олсо да булар кадам басып келбейт. Душмандын да эрдигин эрлер гана баамдай алат.
+17
bekhaliev
2016-09-03 00:40:37
В.Путин биздин эркетайдыда жетелеп алын
+3
peri...97
2016-09-03 02:51:39
Атамбаевге эмне болгон тооба кантип барбайт барыш керек созсуз....
+2
Baian
2016-09-03 10:21:37
Путинди уважуха.Адамдык сапаты ото бийик.Биздин АШАке жонундо ун чыгара албайм.Сургун кылат Аны жаиандагандарды деп уктум.Куугунтукталып кетпейин
+1
alibekova94
2016-09-03 13:49:13
Baian, Коркуп калдынызбы ? ))
0
alibekova94
2016-09-03 13:48:44
Атамбаев бардыбы ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан