Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алат. Учурда ачылуу аземине күбө болуу үчүн бул жакка унаалар агылып жатат.
Чолпон-Ата шаарына чейинки унаа жолунун абалы жакшы экени, ал эми шаар ичиндеги жолду оңдоп-түзөө иштери шашылыш бүткөрүлгөнү байкалат. Ошондой эле жол белгилери жерде ташка жөлөнгөн абалда турат. Коноктор, журналисттер Жол-патрулдук милициянын унаасынын коштоосунда келгендиктен, шаарга кире бериште жана шаар ичинде унаа тыгыны пайда болду.
Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 23 спорт түрү боюнча өткөрүлмөкчү. Ошондой эле Кырчын жайлоосунда маданий иш-чаралар орун алат.