Чаткал дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу кабарды окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Жол кырсыгы кечээ кечинде болгон. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан жеңил унаа Чаткал дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде бир жүргүнчү болгон. Учурда айдоочу изделүүдө", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.