Футболчуларыбыз акыркы мүнөттө пенальти киргизе албай, филиппиндиктерге 2:1 эсебинде утулуп калышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте футбол боюнча улуттук курам Филиппин курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Беттеш 2:1 эсебинде аяктап, футболчуларыбыз жеңилүү ызасын тартышты.

Эсепти коноктор 43-мүнөттө ачышкан. 53-мүнөттө алар эсеп айырмачылыгын 2 голго жеткиришти. Арты-артынан чабуул уюштурган футболчуларыбыздын аракетинен майнап чыгып, 61-мүнөттө эсеп катыштыгы 1 голго кыскарды. Улуттук курамдан Виталий Люкс айырмаланды.

Андан ары бир катар оюнчулар алмашып, чабуулдарды уюштуруу жагынан биздин футболчулар мыкты болушту. Бирок атаандаштын дарбазачысы командасын бир топ голдон сактап калды. Оюн аяктап, кошумча убакытта эреже бузуунун жыйынтыгында кыргыз футболчулары пенальти тебүү укугуна ээ болушту. Жоопкерчиликти өзүнө алган Валерий Кичин жаза басып, дарбазачы топту тосуп калды. Жыйынтыгында улуттук курам өз үйүндө жеңилүү ызасын тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
forvard
2016-09-06 23:12:34
Легионерлер м-н эле кичине тузук ойноп журушконго Тего Бернхард Землюнухин жок
0
zolotay
2016-09-07 20:25:46
forvard, Чынын билбей жазгандан уялсанар боло! Антон озубуздун эле бала,Канта туулуп оскон!
Эргар деле Кыргызстанда туулган Ново-Павловкада
+4
forvard
2016-09-06 23:14:00
Равшан Ирматовго уят эле болдук 5-класстагы балдардын оюнуна окшоп кетти
+4
Nur1k
2016-09-07 00:51:32
forvard, айтпа. Чынында ал биздикилерге тартып
Жатты
+4
Beku89
2016-09-06 23:40:28
Биздикилер чындыгында оздоруно ашыкча ишенип алышкан, Казахстанды уткандан кийин. Озубуздун жерде утушу керек болчу. Ушул футбол оюну кыргызстанда аявай эле онугушун каалайм. Анткени спорт номер 1. Клубдарыбыз аявай алсыз
0
Nur1k
2016-09-07 00:50:41
Биздикилер толтура шансты колдоно алышкан жок, пенальтини кошпогондо! Жаль кун Филиппиндер жака чыккан экен((
+2
realmadrid32
2016-09-07 00:50:52
Экинчи состав м-н Курама филипинден 1:2ге женилсе уят эмес Жигиттерге ишенебиз Кыргызстан алга!
-3
azabraza
2016-09-07 01:28:36
алга кыргыз алга десек да болбой калды эх
+2
Erl017
2016-09-07 03:33:24
Не эле акылдуусунуп жатасынар баарынар ?? Куйорман бир калыпта болуш керек .. утса мактап ..утулса жамандавай !!
+3
Alixan-Nookat.2015
2016-09-07 07:57:26
Дуйнолук рейтингде бизден томон турат деп тоготмоксон болушту эле топ тоголок экен женилип калды
0
kaitpas
2016-09-07 08:56:57
Негизи владения мячь биздикилерде болду, нападающий начар болду.
+2
Aytur
2016-09-07 09:34:39
Эмне болсода туура жазганды уйронгулочу!!! Аявай эмес аябай , жалка эмес жалко,кайактагы эмес каяктагы, доо перез дегее соз жок, балким дөөпөрөз чыгар, жамандавай эмес жамандабай ж б у с!!!
+6
sharshenbek
2016-09-07 12:08:05
Биздикилер жакшы эле аракет кылды топко да коп ээлик кылышты моменттери да коп болду бирок пайдалана алышкан жок бирок жакшы эле оюн коргозду аягына чейин филипиндин вратаристи кыйын экен коп сактады жана пенальтини тосуп койду не дейбиз топ тоголок бирде утат бирде утулат да кандай болгон кундо Биз ар дайым колдоп коштоп турушубуз керек Алга Кыргызстан
+4
Wonderfullgirl
2016-09-07 19:24:54
Алар деле аябай аракет кылышты, кичине болсо да колдоп коюштун ордуна жамандашка эле шашасынар. Утуп келгенде тим эле кокко которуп утулуп калса жер менен бир кылып, куйормандар андай болбош керек да.
+2
zolotay
2016-09-07 20:21:10
Шумкарларыбызды колдоп уй-булоо, досторубуз менен стадиондо болдук.Биздикилер жакшы эле аракет кылышты, бирок жыйынтык болбоду.Эми бул футбол ошону менен кызыкда.
Окундургону, айрым куйормандардын спортчуларыбызга болгон КУНКАРАМА мамилеси(Утулду деп жамандап, тукурунуп, ойюн буто электе басып кеткендер болду!((
Акыркы убакытта футболчуларыбыздын денгээли осуудо, алар менен кошо куйормандарда ЧЫНЫЧЫ КУЙОРМАН болгонду уйронушсо!!!
Шумкарлар, Эн Мыктысынар!Биз Силерге Ишенебиз!!
+4
zolotay
2016-09-07 21:07:09
СуперИнфо
Башкы тренер А.Крестининдин матч боюнча берген пресс конференция жонундо жазсанар, менимче коп окурмандарга кызык болмок)
+4
OSHO
2016-09-11 22:14:07
Тфуу.. Байматов иттик кылыптыр!Капитандык боо атасынан калгансып,таарынып коньюктивит м-н орумуш этип бекинип келбей...Жылдыз оорусу м-н ооруганы анык болду окшойт. Андан 3 сутка боло электе Бахрейндин клубу учун 90 минута, алмашпай ойногонун кантесин ...Бир заматта соо боло калып!((
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан