Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун 20 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, балдардын чыгармачылык борбору 1996-жылы 5-октябрда “Мээрим” фонду деген аталыш менен түзүлгөн.
"Жыл сайын миңден ашуун баланы тарбиялап чыгарабыз. Балдардын чыгармачылык борборунун 20 жылдыгына мэриянын өкүлдөрү жана Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгы катышат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Учурда аталган борбордо 21 мугалим эмгектенет.