Чолпон-Атадагы ат майданда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү. Алгач Самат Көчөрбаев "Манас" айтып, “Устат-шакирт” этнографиялык ансамбли сахнага чыкты. Андан соң кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү Кайрат Примбердиев, Айбек Бакытбеков, Аяна Касымова, Гүлжигит Калыков, Жийдеш Идирисова, Гүлзада Рыскулова, Омар, бийчи Атай Өмүрзаков жана башкалар элди шаңга бөлөштү. Ошондой эле Казакстан, Түркия, Франция, Азербайжан, Орусиядан келген ырчылар да өз өнөрлөрүн тартуулашты. Соңунда КРнын Премьер-министри сөз сүйлөп, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жапты.
Айта кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы командалык эсепте 1-орунду камсыздады. Спортчуларыбыз жалпысынан 79 медаль утуп, атаандаштарын ат чабым артка ташташты.