Бишкек шаарында денесин сатып, сойкулук менен алектенген мектеп жашындагы өспүрүм кыздар катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын өкүлү Аваз Абдираимов билдирди.
"Сойку кыздардын үстүнөн карап, аларды калкалап мыйзамсыз иштерге барган кызматкерлерибиз жок. Бир канча жолу бул боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Андай мыйзамсыз аракеттер катталган жок. Бул сөз жөн гана эл арасында айтылып келген, чындыкка дал келбеген сөз", - деп билдирди Абдираимов.
Белгилүү болгондой, өлкөдө сойкулук менен алектенген кыздар үчүн атайын жоопко тартуу боюнча мыйзам каралган эмес.
"Акыркы убактарда сойкулук менен алектенген мектеп жашындагы өспүрүм кыздар катталууда. 15-июндан берки жүргүзүлүп жаткан рейддин алкагында 6 өспүрүм кыз кардарларды тейлеп жатканда кармалды. Алардын аты-жөнү такталып, ата-энелерине өткөрүп бердик. Ага чейин атайын психологдун кеңешин берип, бул жолдон кайтууга жол көргөзгөн кеңеш айтып, багыт көрсөттүк", - деп кошумчалады Абдираимов.