Америкалык CNN телеканалынын маалыматы боюнча, Түндүк Кореядагы Пхунгери өзөктүк полигонунун жанында күчү 5,3 баллга жеткен сейсмикалык активдүүлүк байкалган. Түндүк Кореянын маалымат каражаттары бүгүн, 9-сентябрда өлкөнүн түндүгүндөгү полигондон ядролук программа тарыхындагы эң ири бомба тесттен өткөрүлгөнүн расмий кабарлады. Эскерте кетсек, аталган өлкө буга чейин 4 ирет сыноо өткөрүп, акыркысын үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөргөн.
Түштүк Корея сыноону сындап, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин бүтүмүн бузганын жарыялады.
"Ким Чен Ындын режими - "акылга сыйбаган фанатизм". Өзөктүк куралдарды сыноо менен ал болгону өз өлкөсүнө санкцияларды күчөтөт. Мындай провокация акыры өлкөнүн жок болушун тездетет", - деген Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе.
"Лента.ру" басылмасынын маалыматы боюнча, бул сыноого байланыштуу АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши шашылыш жыйын өткөрөт. Жума күнү болгон сыноонун кубаттуулугу 10 килотоннага барабар, бул мурдагы жардырууларга салыштырмалуу эки эсеге көп. Хиросиманы жок кылган атомдук бомбанын кубаттуулугу 15 килотоннага барабар болгон.
АКШ менен Япония Түндүк Кореянын жээгине өз учактарын чалгындоого жөнөтүшкөнү маалым болду. Алар абаны жана жарылуу болгон жерге жакын аймактардагы радиациянын деңгээлин текшеришет.