Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева турмушка чыкканын жарыялап, социалдык тармактагы баракчасына сүрөттөрүн илген эле. Сүрөттүн төмөн жагына күйөөсүнүн атын жазгандыктан, анын улуту кыргыз эмес экенин дароо байкаган Кыргыз өлкөсүнүн интернет колдонуучулары катуу сынга алышкан. Шагиеванын бул тууралуу жана күйөөсү жөнүндө ELLE басылмасына берген маеги жарыяланды.
Алия Шагиева 27-августта турмушка чыккан. Үйлөнүү тойду жаштар Бишкектеги ресторандардын биринде өткөрүшкөн. Жубайлар чоң тойдун ордуна 30 адамдын гана курчоосунда кичинекей той өткөрүшкөн. Ага чакырылгандардын арасында экөөнүн достору, кесиптештери жана туугандары болгон. Алардан тышкары Алия өзүнүн фортепианодон берген мугалимин чакырганы белгилүү болду.
"Жаш жубайлар үйлөнүү тоюн дал ушундай тынч белгилөөнү кыялданышкан. Алар консервативдүү каада-салттардан баш тартып, заманбап Европанын стилинде өткөрүүнү чечишкен. Баары кооз, ашыкча чыгымы жок өткөн. Робби Уильямстай чакырылган жылдыздар, журналисттер болгон эмес. Алия арты ачык, узундугу тизесине чейин болгон көйнөк кийген. Алия турмушка үй-бүлөсүнүн макулдугу менен чыккан. Жигити 2 ай мурун ага үйлөнүү сунушун айтканда, экөөнүн тең ата-энелери, анын ичинде кыздын чоң кызматтагы атасы дагы бул кабарды сүйүнүү менен кабыл алган", - деп жазган басылма.
"Аябай жакшы кабыл алышкан. Менин ата-энем Костяны эки жылдан бери тааныйт жана жакшы көрүшөт", - деп билдирген президенттин кызы.
Кыргыз лидеринин күйөө баласы 1992-жылы Бишкекте туулган. Константин кесиби боюнча программист. Алия менен интернеттен 4 жыл мурун, 20 жашында таанышкан, Алия 15те болгону маалым болду.
"Ал кезде мен башка ат менен блогдорду жазчумун. Ал ар кандай оорчулуктарга туш болгон кадимки өспүрүм кыздын күндөлүгү болчу. Бир күнү ал комментарийлерге "Бейпил түн, баары жакшы болот!" деп жазып коюптур", - дейт Шагиева.
Алардын достугу ошондон башталып, сүйүүгө өсүп, романтикалуу мамилелерге өткөн. "Ал мага караганда акылдуу жана камкор. Акыл түзүлүшү математикага жакын болсо да, Костя чыгармачыл адам. Экөөбүз тең жаратылышты, капчыгайларга саякаттоону жакшы көрөбүз", - деген Алия.
"Константин Алиянын чыныгы фамилиясын таанышкандан кийин 1,5 жыл өткөндө гана билген. Аны жакшы көрүп калуу үчүн ага болгону Алиянын интернеттеги ниги жетиштүү болгон", - дейт басылма.
Ал эми бул үйлөнүү тойго терс мамиле кылгандар тууралуу Шагиева төмөнкүлөргө токтолгон:
"Мындай улутчулдук көпчүлүктүн маданий ой жүгүртүүсүнүн төмөндүгүнөн болуп жатат деп ойлойм. Тилекке каршы, караңгы адамдын көз карашы менен жашаган адамдар бизде дагы деле көп, бирок адекваттуу адамдар андан көп".
"Балким, өлкө башчынын кызына элдин талаптары жогору чыгар? Алия андай деле болушу мүмкүн экенин билдирди", - деп жазат басылма.
"Мен бул сүрөттөрдү жарыялаганыма кубанычтамын. Анткени социалдык басым болуп жаткан биздин көп кыздарыбыз үчүн алар күч берип, жашоосуна чечкиндүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө түрткү болот", - деген Шагиева.