Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кезектеги китебин жазды. Бул тууралуу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, "Музыка дүйнөсү, бир туугандык жана достук музыкасы" деп аталган китеп түркмөн музыканттарынын бири Шүкүр бахшиге арналган. Китеп президенттин жыл башынан бери жазган алтынчы китеби болуп саналат.
Президенттин айтымында, Шүкүр бахши эң кыйын учурларда маселени тынч жол менен чечкен адам болгон. Маалыматтарда Шүкүр бахши 19-20-кылымдарда иран уруулары тарабынан колго түшүп калган агасын музыкалык айтышта жеңип чыгып, куткарып кеткени айтылат.
Белгилей кетсек, буга чейин түркмөн президентинин макал-лакаптар, чай, түркмөн ахалтекин аттары, килем токуу искусствосу, пайдалуу өсүмдүктөр тууралуу жазган китептери жарык көргөн.