Ушул жылдын 30-августунда Бишкек шаарынын "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан комплекси толугу менен оңдолуп бүтүп, ишке берилген. Ачылгандан көп өтпөй эле фонтандын жанындагы жылкыга минип алган жигиттин сүрөтү социалдык тармактарга тарап, бул көрүнүш коомчулукта катуу сынга алынган. Ал эми учурда фонтандын айланасы корголуп, атайын күзөтчүлөр менен 24 саат бою кайтарылат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган соода жайынын күзөт кызматынан билдиришти.
"Мындай чара эс алуучулардын тазалык эрежелерин сактабай, фонтанга түшүп, аттарга минип алууларынан улам көрүлгөн. Бир милиция кызматкери, бир күзөтчү айлананы дайыма көзөмөлгө алып турат", - деди аталган соода борборунун Коопсуздук кызматынын өкүлү.