Бишкекте бензин куйбай, салык төлөбөй велосипед тээп жумуш бүтүрүү мүмкүн болмок, эгер жол болсо, автоунаа аз болсо... (фото)

Бишкекте 3 метр жазылыктагы 1,5 чакырым келген велосипед жолу ишке кирди. Мэрия бюджетинен бул үчүн 7 миллион сом бөлүнгөн. Жолдо төшөлмө жакшы салынып, зериккен келиндер балдарын коляскага сүйрөп, кары-картаңдар сейилдеп жүрүшкөнүн көрүүгө болот. Ал эми кубанычында чек жок экстремалдык спорттун сүйүүчүлөрү шайтан арабасын зымырата айдап, шамалдай сызып жүрүшөт.
Мындай жолдун курулушу, албетте, жакшы саамалык. Көптөгөн шаардыктар менен катар биз дагы "бул башталышы гана болсо экен" деген үмүттөбүз, себеби жыл сайын 100гө чукул унаа жолдору оңдолуп, бирок велосипед менен жумуш бүтүргүсү келгендердин, жумушка, сабакка баргысы келгендердин кызыкчылыгы эске алынбай келет.
SUPER.KG порталы шаардыктардын велосипед тээп жумуштарын бүткөрүүсүнө жолтоо болуп жаткан көйгөйлөргө токтолот.
УНААЛАРДЫН КӨПТҮГҮ МЭРИЯНЫН ВЕЛОСИПЕД ЖОЛУН ЖАСООСУНА ЖОЛТОО БОЛУУДА
Бишкекте биринчи 2014-жылы велосипед жолу курулган. Тактап айтканда, Токтогул көчөсүнүн бир четине жол белгилери коюлуп, 2 дөңгөлөктүү шайтан арабага ылайыкташкан. Шаар бийлигинин бул аракети практика жүзүндө максатына жеткен жок. Көп өтпөй бул жолго унаалар токтотула баштады. Башта айдоочулар бул жайга токтогондо бети кызарчу, азыр бул атайын жасалган унаа токтотуучу жай сыяктуу эле колдонулууда. Мэрия башта жолду бул көрүнүштөн арылтуу аракетин көрүп келсе, учурда ал маселе такыр эле унутулгандай...
Шаарда унаалардын көптүгү эми да мэриянын мындан аркы аракеттерине жолтоо боло бермекчи. Же велосипед жолун унаа өтпөгүдөй кылып тосуу керек болчу, же ыңгайлуу унаа токтотуучу жайларды куруу керек. Мэрия үчүн, албетте, биринчи вариант ыңгайлуу болмок.
ТЕГИЗ ЭМЕС ЖОЛДОР, КЫЙМА-ЧИЙМЕ ӨТКӨН УНААЛАР...
Мисалы, эртең менен кимдир бирөө жумушка баруу үчүн велосипедин алып, үйүнөн чыкса, анын көйгөйү чоң көчөгө жакындаганда эле башталат. Себеби унаа жолуна чыкса унаа, тротуарга чыкса шашып бара жаткан жөө жүрүүчүлөр жана тегиз эмес жол жолтоо болот. Жер алдындагы өтмөк, тепкичтерден шайтан арабаны сүйрөп түшүүгө туура келет.
Адатта көптөр унаа жолунун чети менен жүрүүнү эп көрүшөт. Аялдамаларга жеткенде алдыдан токтогон маршруттук таксилердин эшиги ачылып, ал жол жабылат. Эл ташуучу унааны айланып өтүү мүмкүн эмес, анткени унаалар жүргөн тилкеге чыкканда өмүргө коркунуч жаралат.
Жөө шашкан элдин көптүгү тротуарда абайлап гана жүрүп отурууга мажбур кылат. Ошондой эле ири ишкана, кафелердин тушундагы тротуар жакшы жасалып, башка көптөгөн аймактарда жолдун тегиз эмес экендиги байкалат.

ВЕЛОСИПЕДЧЕНДЕРДИН КӨПТҮГҮ ӨЛКӨНҮН КАЗЫНАСЫН ТОЛТУРБАЙТ

Бүгүнкү күндө Бишкекте жаштар арасында гана эмес, бардык муундун өкүлдөрүнүн арасында автоунаа сатып алуу модада. Ооба, алар унаанын, бензиндин, оңдоо иштеринин кымбаттаганына, жолдогу тыгындарга, жол эрежесин бузууда туш болгон айыптарга карабай унааны тандашат. "Велосипед тебүүчүлөрдүн көп болгону өлкөнүн экономикасына терс таасир тийгизет" деп бекеринен айтылган эмес. Велосипедчендер өздөрүнүн ден соолугун чыңдаганы менен, бийликке зыян гана алып келишет. Велосипед үчүн салык төлөнбөйт, бюджет толбойт, андыктан бийлик тарабынан да андай 2 дөңгөлөктүү "унаага" отургула деген чакырык аз, шарт да түзүлбөйт.

Эгер шарт болсо, көптөр муну акырындык менен модага айлантып алышмак. Маршруттук таксиде дем жетпеген абалда жүргөнчө же таксиге маал-маалы менен акча короткончо таза аба жутуп, теребелге суктануу менен жумуш бүтүргөн артык эмеспи...

МЭР ВИТАЛИЙ КЛИЧКО УЯТ БОЛГОНДО...

Дүйнөдө велосипед тепкенге шарт жок шаарлар миңдеп саналат. Эң жөнөкөй мисал - Киев. Бокс боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону Виталий Кличко учурда Киев шаарынын мэри. Ал Киевди Европанын ири шаарларынан артта калбаган кооз, бардык шарт түзүлгөн шаар болот деп убадалап келген. Башкалар да жумушка велосипед менен келсин деген ниетте мэр жумушун көздөй шайтан арабаны минип жөнөйт. Аны эки күн катары менен аңдыган фотографтардын бактысына жараша, Кличко орто жолдон үстөмөнүнөн кулаган. Албетте, бул окуя катуу талкууга алынган. Мэрдин дарегине "алгач велосипед тебүү үчүн жолдорду жасоо керек" деген шылдың сөздөр айтылган жайы бар.

Бишкек мэриясы веложолдорду унаа токтотуу үчүн куруудабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nalukg
2016-09-22 16:38:15
Эн жакшы идеа. Мынданда жакшы оркундото бергиле. Ийгилик.
+1
Meerim9080
2016-09-23 08:28:12
nalukg,Бул жакшы идея! Бирок муну кообу колдобой ушул бойдон калып калышы мумкун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан